60 жылдан ашык убакыт сакталган мумияны кайра казып алышабы?

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 23, 2017 14:09

60 жылдан ашык убакыт сакталган мумияны кайра казып алышабы?

86604w660h490croplr 23 октябрь, Бишкек. Дээрлик 60 жылдан бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталып турган белгисиз кыздын мумиясын жерге коюуда эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Мумияны көмүү үчүн атайын 10 адамдан турган комиссия  түзүлүп, курамына ИИМдин, УКМКнын, Улуттук илимдер академиясынын, Маданият министрлигинин, Тарых музейинин кызматкерлери жана археологдор кирген.

Белгисиз кыздын мумиясы 1957-жылы табылып, ошондон бери Мамлекеттик тарых музейинде сакталып келген. Бул убакыт ичинде бир дагы окумуштуу, археолог, антрополог же генетик келип аталган мумияны изилдеген эмес.  Ал жөн гана экспонат катары турган. Совет мезгилинде бир гана жолу бальзамдалган экен.

— Өлгөн адамдын сөөгүн сыйлоо керек. Ансыз да анын сөөгүн 60 жыл кордодук. Сөөктү көмүлгөн жеринен казып келип, эч кароосуз сактоонун өзү вандализм болуп саналат, -деген пикирин министр Түгөлбай Казаков билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын археологдору мумия изилденбей жерге берилип калгандыгына нааразы болуп пресс-конференция беришти.

Кыргыз Улуттук Академиясы, археологдор, илимпоздор 60 жылдан ашык убакытта  мумияга эч ким кызыккан эмес, алардын атуусуна караганда Кыргызстанда акча жок экен, анда Бүткүл Дүйнөлүк археологиялык уюмга жардам сурап эмнеге кайрылышкан эмес-деген суроо пайда болот.

Эми мумияны жерге берип койгондон кийин чуу чыгаруунун пайдасы болбы?

Эске салсак, 1957-жылдан бери Тарых музейинде сакталган белгисиз кыздын мумиясы өткөн жума соңунда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге коюлган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 23, 2017 14:09

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина