5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4903 оруну ЖОЖго берилди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:46

5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4903 оруну ЖОЖго берилди

16 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2020 окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында мамлекеттик билим берүү грантынын негизинде билим алуучуларды кабыл алуу жана адистиктердин тизмесин бекитти.

-2019-2020-окуу жылына 5705 мамлекеттик билим берүү гранты берилип, анын 4903 оруну Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караган жогорку окуу жайларына бөлүндү. Калган гранттык орундар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ведомстволук окуу жайларына берилди.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө кадрларга болгон муктаждык, ЖОЖдор менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдердин саны, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүтөрү тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин анализи эске алынган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл Региондорду өнүктүрүүжана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгына ылайык IT-адистерине суроо-талап өсүп жатат. Буга байланыштуу компьютердик технологиялар тармагындагы кесиптерге гранттык негизде окутуунун саны көбөйдү.

Гранттык орундарды бөлүштүрүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасы эске алынган. Анда 2040-жылга чейин Кыргызстандынэ кономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп өнөр-жай (тоо-кен, мунайды кайра иштетүү, жеңил өнөр-жайы, тамак-аш, өндүрүштүк), айылчарба, энергетика жана туризм белгиленген.

Жалпы гранттык орундардын 316 магистрдик тармакка бөлүү сунушталды. Дагы 405 гранттык орун чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарга, I жана II топтогу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, жетим балдарга жана иштеп жаткан өкмөттөр аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууга каралган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2019 11:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина