4 жаштагы бала сабалып, ооруканага түштү

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2019 20:59

4 жаштагы бала сабалып, ооруканага түштү

15 Балдардын зордук-зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында Чүй районунун баардык айылдарында социалдык кызматкерлер жана укук коргоо органдары, дарыгерлер менен биргеликте рейд жүргүзүлүп жаткан.

Рейддин алкагында 11-январь күнү Искра айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы бир үй-бүлөнүн жашоо-шарты текшерилип, үйдүн ичинде оор шартта тарбияланган 4 жашар баланы көрдүк. Ошондон улам аны медициналык кароодон өткөргөнүбүздө, анын денесинен тактар бар экени аныкталган. Үй-бүлөдө таенеси, апасы жана бала болуп үчөө жашайт экен. Апасы жана тенеси Тоӊ районунда акыл-эсинен жабыркаганы боюнча катталуу экен. Учурда райондук комиссия баланы жайгаштыруу маселесин карап жатат» — деп билдиришти акимиаттан.

Ал эми айыл тургундарынын айтымында, баланы алып кетебиз деп барган социалдык кызматкерлерди апасы бычак менен коркуткан.

«Баланы алып кетебиз деп милиция кызматкерлери, социалдык кызматкерлер барганда апасы колуна бычак алып, кол салууга аракет кылган. Баланы алып кеткенден кийин дагы айыл өкмөттү жана айыл аймактагы соц кызматкерлерди «баламды бергиле» деп коркутуп жатыптыр. Айыл өкмөт башчынын үйүнө таш ыргытып, өрттөп кетем деп да коркуткан экен» — дешти айыл тургундары.

Буга чейин Чүй райондук ооруканага өз апасы тарабынан токмоктолгон 4 жаштагы бала түшкөнү маалымдалган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 20, 2019 20:59

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина