30-сентябрдан тарта мүлк фонду документтерди кагаз түрүндө кабыл алууну токтотот

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:43

30-сентябрдан тарта мүлк фонду документтерди кагаз түрүндө кабыл алууну токтотот

5 30-сентябрдан тарта Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукциондорго катышуу үчүн кагаз түрүндө документтерди кабыл алууну аяктайт. Бул тууралуу аталган фонддон билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-октябрдан тартып электрондук соода аянтчасы иштеп баштайт. Мамлекеттик мүлккө ижара келишимин түзүү укугуна электрондук аукциондорго катышуу юридикалык жактар үчүн электрондук санарип кол коюу жана жеке жактар үчүн биометрикалык паспорттордон маалыматтарды окуй турган тиркеме аркылуу жүргүзүлөт.

«Уюмдар каттоодон өтүп, торуктарды өткөрүү үчүн объект түзүп, жарыялайт. Андан соң торуктардын бүтүшү боюнча келишимге кол коёт. Ал эми катышуучулар порталда электрондук санарип колун ырастап, талаптарга ылайык арызды жөнөтөт. Андан соң аукционго катышуу үчүн келишимге кол коёт», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:43

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина