29-30-июнда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган маараке,Суусамыр өрөөнүдөгү Каракол жайлоосунда өткөрүлөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:22

29-30-июнда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган маараке,Суусамыр өрөөнүдөгү Каракол жайлоосунда өткөрүлөт

6 Өмүрү жана өнөрү улам кийинки муундарга өрнөк болотурган тарыхый инсандардын бири – Кожомкул балбан. Ал 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндө жарык дүйнөгө келип, 1955-жылы 67 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Айтылуу балбан жакынкы убактарда эле жашап өтсө да эмнегедир эл ичинде анын боюнун узундугу, салмагы тууралуу эки ача маалымат бар экен. Биринде балбандын бою 2 метр, 30 сантиметр болгон деп айтылса, экинчисинде 1 метр, 97 сантиметр болгон деп айтылат. Салмагы бир жерде 203 кг.,экинчи бир жерде 164 кг. болгон дешет. Ал эми бут кийиминин өлчөмү 52, колдорунун манжаларынын узундугу 26 см., баш бармагынын туурасы 4 сантиметр болгондугу айтылат.
Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг.чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан экен. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг. болгонаны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза жайлоосунун төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү,  аттаканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз кеп катары айтылат.
Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылы балбандын атынан аталгандыгы жумурай журтка белгилүү болсо керек.  Ал айылда Кожомкул балбандын күмбөзү, музейи жана көтөргөн таштары унутта калбасын деп сакталып турат.
“Каба уулу Кожомкул” атындагы эл аралык фонду да түзүлгөн, булл фонду Кожомкул балбандын чөбүрөсү Орозалы Жапар уулу жетектеп келет.
Ушул айдын аягында 29-30-июнда Каба уулу Кожомкулдун 130 жылдыгына арналган маараке,Суусамыр өрөөнүдөгү Каракол жайлоосунда өтөөрү белгиленген.
Мааракенин расмий ачылышы жана финалдык оюндар 30-июнь күнү болмокчу. Каба уулу Кожомкул балбандын 130 жылдыгына карата спорттун жети түрү боюнча мелдештер өткөрүлөт. Тактап айтсак алар көкбөрү, ат чабыш, эр эңиш, кыргыз күрөш, салбуурун жана ат көтөрмөй, таш көтөрмөй. Бул мааракени уюштурууга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, парламенттин депутаты Кожобек Рыспаев,маданият-маалымат, билим берүү министрликтери жана спорт агенттиги, Бишкек шаарынын мэриясы, “Кабауулу Кожомкул” атындагы эл аралык коомдук фонд жана башкалар салымын кошуп жаткандыгын балбандын чөбүрөсү Орозалы Жапар уулу билдирди.
Бейгелер боюнча айтакетсек, алты машина коюлат. Баардык оюндардын баш байгелерине машина жана акчалай сыйлыктар да коюлган.  Андан тышкары эр сайыш, кыз куумай сыяктуу кыргыздын улуттук оюндары коюлат. Ошону менен катар маданий иш-чаралар менен бирге концерттик программалар да көрсөтүлмөкчү.
Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 21, 2019 10:22

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина