28-декабрда Туристтик милициянын бет ачары болот

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:22

28-декабрда Туристтик милициянын бет ачары болот

6 Бүгүн, 28-декабрда Туристтик милициянын бет ачары болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен маалымдашты.

Бишкек шаарынын эски аянтында ички иштер органдарынын саптык кароо-тескемеси өтмөкчү. Анда милициянлардын жер-жерлерде кызмат өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткаруусу, андан сырткары сырткы көрүнүшү, тыкандыгы текшерилет.

Саптык кароо-тескемеге ички иштер министри Кашкар Джунушалиев да катышат. Аталган иш-чарада жаңы түзүлгөн Туристтик милициянын да бет ачары болмокчу.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2018 10:22

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина