24нөн 27-декабрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:35

24нөн 27-декабрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

17 ӨКМден кабарлашкандай, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат авто унаа жолунун 43-44 чакырымдарында Ийри-Суу участкасы, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-92 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

24-25-декабрларда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

26-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-декабрда күндүз жана 27-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

27-декабрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина