23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:43

23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү

тил22 сентябрь, Бишкек. Кыргыз Республикасында “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда кабыл алынгандан бери 23-сентябрь  мамлекеттик тил майрамы катары өлкөбүздө белгиленип келет. Тил майрамынын урматына республикабыздын баардык облустарында, райондорунда шаарларында салтанаттуу  иш-чаралар, көргөзмөлөр жана конкурстар уюштурулуп, чоё салтанат менен  майрамдалат.

23-сентябрь Мамлекеттик тил майрамына карата Чүй облусунун баардык райондорунда, шаарларында майрамдык иш-чаралар өткөзүлөт. Алсак, Ысык-Ата райондук “Түндүк электр” ишканасынын имаратында тил майрамына карата мамлекеттик тил кабинетинин ачылышы болот. Ал эми Жайыл районунун мектептеринде “23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү” аталышындагы концерттик программалар жергиликтүү тургундардын назарына тартууланат. Ошондой эле жер-жерлерде облустук масштабда тамак-аш,  майрамга арналган дубал гезиттердин көргөзмөлөрү өтөт.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:43

Парламент

Элдик медицина