23 –февраль майрамыңыздар кут болсун Кыргызстандын мырзалары!

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:24

23 –февраль майрамыңыздар кут болсун Кыргызстандын мырзалары!

4 Атамбаев Алмазбек Шаршенович

23-февраль улуу муундун эсинде өчпөс болуп сакталып келатат. Кайсы бир учурда кыргыз армиясын белгилөө күнү да башка күнгө которулуп, бирок элдин басымдуу көпчүлүгү 23-февраль  күнүн белгилеген бойдон калышкан.  Мындай элдин пикири менен эсептешпей өз каалаганын кыла берүү, азыркы учурда жокко чыгарылган. Эл урматтаган тарыхий 23-февраль Ата-Журтубузду коргоо күнү катары даңазаланып келатат. Ооба, кыргыз эли мындан бир кылым мурун советтик армия жаралганча, миңдеген жылдар өз Ата-Журтун кашык каны калгыча коргоп келген. Биздин заманга чейин 200 жыл мурун эле кыргыз мамлекети Кытай мамлекети менен дипломатиялык келишимдерди түзгөнү тууралуу 50 барактан турган тарыхий эпопея Кытай байыркы жазма булагында сакталып турат. Биздин замандын   V кылымынан  XII кылымына чейин Улуу Кыргыз Дөөлөтү бирде мокоп, бирде күч алып “Азиянын арстандары” катары ошол мезгилдеги дүйнөнүн чоң бөлүгүн бийлеп турган. Кыргыз жоокерлери тууралуу ушул күнгө чейин уламыштар муундан-муунга айтылып келет. Азыр түтөп, жарыла турган эки жүздөй мамлекети бар дүйнөдө да кыргыз мамлекети өз ордун таап, кыргыз жигиттери ата-бабалары салган издер менен сыймыктуу өздөн алып жүрүүдө.

Мындай куттуктоону биз кыргыз мамлекетин жетектеп, өйдөөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон Президентибиз Атамбаевке ыйгармакпыз. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, сиздин ишиңизге ийгилик, ден соолук каалайбыз!

Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Быйылкы жыл “Ыйман, адеп-ахлак жана маданият” жылы болуп саналат. Биздин Ата –Журтубуз ыйман, адеп-ахлак, маданият жаатынан башкаларга үлгү болушу керек. Дүйнөлүк телеберүүлөрдө көрсөтүп жатат, тээ байыркы замандарда азыркы улуу калктардын түпкү теги славяндар токойлордо жапайычылык турмушта турганда, Европа, Азияда чалкыган Киммарий деген мамлекет болгон. Ушул Киммарий мамлекетинин сепил, чептерин талкалап күн көрсөтпөй, акыры бул ааламдан сүрүп чыккан калктардын бири “киргиздер” же ата-бабабыз кыргыздар болгон. Канчалаган байыркы калктар кырылып же башка калктарга сиңип ушул күнгө жетпей калды. Канчалган кылымдар сын-сыпатын, дараметин жоготпой ыйманын, адеп-ахлагын, маданиятын жоготпой келаткан кыргыз элибизге сыймыктанышыбыз керек.

Урматтуу, Сооронбай Шарипович сизге элдин ишеними чоң, бүгүнкү Ата-Журтту коргоо күнү менен сизди чын дилибизден куттуктайбыз!

 Казаков Түгөлбай Токтогулович

XVIII кылым француздардын,  XIX кылым орустардын классикалык жылы болсо XX кылым кыргыздардын классикалык жылы болгон. Не деген кереметтер бул кылымда шаңшып чыгышкан: Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Сүймөнкул Чокморов, Алымкул Үсөнбаев, Шекербек Шеркулов, Рыспай Абдыкадыров, Болот Миңжылкыев, Чолпонбек Базарбаев, Тургунбай Садыков, Гапар Айтиев айта берсе чети оюлгус жүздөгөн маданият чеберлери маданият министри Түгөлбай Казаков баш болуп элге үлгү боло алат. Ушул 2017-жылдагы маданият очогу боло турган жылды алып баруу өмүр боюу кыргыз маданияты менен алпурушуп келаткан Түгөлбай Казаковго ишенимдүү берилген. Бүгүнкү Ата-журтубуздун Коргоо күнү “Чүй баяны” гезити маданият “рыцарларын” жана алардын “сюзеренни” Түгөлбай Казаковду майрамы менен куттуктайт!

Бактыбек Кудайбергенов

Чүй облусунун жетекчиси

Чүй эли бир гана боорукерчиликтин, кайрымдуулуктун гана эмес баатырчылыктын да жышааны. Анткени, кыргыз элине белгилүү ири кармаштар Чүй жеринде болгону аз келгенсип, бир кылым мурун кыргыз элинин борборун кайсы жерге алып келебиз дегенде Бишкек көкүрөгүн ачып берген. Тарыхий баалуу эстелик катары карахандардан калган Буранада мекендешибиз Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы татыктуу белгиленди. Биздин губернаторубуз  Б.Кудайбергенов Сары-Өзөн Чүйүбүздүн 90 жылдыгын жана  фермерлердин ишеничин жандандырган Суусамырда Чүй облусунун малчыларынын слетун өткөрүп берди.

Урматтуу Чүй аймагынын бүгүнкү майрамдын ээлери жана Бактыбек Жапарович,  сиздерге ушул майрамда бакыт, ийгиликтерди каалайбыз!

Кадык Жунушалиев

Чүй областтык сотунун төрагасы

Чүй жери кыргыз бийлигине бара жаткан жолдо трамплин экени белгилүү. Акыркы эгемендүүлүк жылдарында президент болушкан Аскар Акаев менен Алмазбек Атамбаев чүйдүн кулундары болушса, Курманбек Бакиев бийликке учаар алдында Чүйдүн губернатору болуп кеткен. Дагы айтаарыбыз акыркы 50 жылда Чүй өрөөнү: Ахматбек Сүйүмбаев, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Апас Жумагулов,  Андрей Иордан, Борис Силаев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев сыяктуу өкмөт башчыларын өстүрүп чыккан жер.

Ушул майрамдын ээси болушкан сиздерди бүгүнкү болуп жаткан 23-февраль Ата-Журтубузду коргоо майрамы менен куттуктайбыз!

“Чүй баяны”

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:24

Парламент

Элдик медицина