2100-жылга чейин дүйнөдө орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:35

2100-жылга чейин дүйнөдө орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда

8 Дүйнөдө 2100-жылга чейин орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда. Бул тууралуу Борбор Азиянын аймактык экологиялык борборунун аткаруучу директору Аскандар Абдуллаев билдирди. Ташкент шаарында Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференциясы өтүп жатат.

Анын айтымында, климаттын өзгөрүшү социалдык-экономикалык абалына таасирин тийгизет.

«Климаттын өзгөрүшү аймактык социалдык-экономикалык, экологиялык абалын алсыз кылат. Биздин аймак, климаттын өзгөрүшү боюнча жапа чегүү тобокелчилиги жогору турат. Индустрия дооруна чейинки мезгилге караганда 2100-жылга чейин орточо температура 6 градуска көтөрүлөрү божомолдонууда. Бул өтө чоң өзгөрүү» деди ал.

Белгилей кетсек,  3-апрель күнү Ташкент шаарында Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык конференция башталган. Аталган иш-чарага 3-4-апрель күндөрү болот.

Конференциянын жыйынтыгы менен жыйынтыктоочу документ даярдалып, ал иш-аракетке өтүүгө чакырык жасаган документ болот. Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында жана климаттык саясат боюнча көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү сунуштары камтылат.

Аталган конференцияга климаттын өзгөрүшү тармагында иштеген 300дөн ашык өкмөттүк мекемелердин, илимий коомчулук, жаштар, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 5, 2019 11:35

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина