21-февраль эл аралык Эне тил күнү

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:50

21-февраль эл аралык Эне тил күнү

11 Улутчул дейт билбеген,

Улутун кимдер сүйбөгөн.

Кыргыз деп келип дүйнөгө,

Кыргыз деп кетем дүйнөдөн! – деп Кыргыз эл акыны, жазуучу Байдылда Сарногоев айткандай бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик тили кыргыз тили болгонуна, мамлекеттин саясаты бардык мекеме-ишканалардын кагаздарын кыргыз тилине өткөрүүгө аракет кырып жатканына карабастан, бүгүнкү күнгө чейин кээ бир министрликте, мекеме-ишканаларда расмий тилде иш алып барып жатышат. Мындай саясатты көзөмөлдөөгө Кыргыз тил комиссиясы көрмөксөнгө салып келет.

Чындыгында, Кыргыз мамлекетинин кыргыз тил күнү 23-сентябрь күнү. Ал эми 21-февралды дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө эл аралык Эне тил күнү белгиленүүдө.

21-февраль — Эне тил күнү катары 1999-жылы ЮНЕСКО тарабынан бекитилип, 2000-жылдан тарта белгилене баштаган. Окумуштуулар жер жүзүндө 7 миңден ашуун тил бар экенин айтышат. Бирок, анын 40тан көбү дүйнө жүзүнүн үчтөн эки бөлүгүндө гана сүйлөнөт. Эң көп колдонулганы кытай, англис, араб, испан, орус, португал, француз жана хинди тили саналат.

Илимпоздордун изилдөөсүнө ылайык, учурда 400дөн ашуун тил жоголуп кетүү коркунучунда турган тилдердин катарына 200гө жакын адам сүйлөгөн Кет тилин кошсо болот. Бул тилди Сибирдеги Енисейдин өйдө жагындагы айрым кыштактардан гана угууга болот. Ошондой эле Ооганстанда жүз чакты адам сүйлөгөн Тирахи тили, Арменияда 50дөн ашык адам сүйлөгөн Ловмарен тили да жоголуп кетүү коркунучундагы тилдердин катарында.

Ошондуктан, “Эне тилин билбеген, эси жогун аныктайт. Эне тилин сүйбөгөн, элин сүйүп жарытпайт-деп Байдылда атабыз бекеринен айтпаса керек. Ошондуктан, урматуу Кыргызстандын көп улутту калкы сиздердин 21-февраль “Эне тил” күнүңөр менен “Чүй баяны” гезитинин жамааты чын жүрөктө куттуктайт.

Гүлсүн Аманалиева

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:50

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина