Моңголиянын жаңы парламентине 13 айым шайланды
Моңголиянын парламентин шайлоо үчүн 24-июндагы жалпы элдик добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыгы чыкты. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, Башкаруу партиясы 62 орунга, оппозициялык Демпартия 11 орунга ээ болгон. Ал эми Шайлоочулардын коалициясы менен «Сиздин жана биздин коалиция» партиясы бирден орунду ээлейт.