2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21%га кыскарды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 28, 2020 11:14

2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21%га кыскарды

13 2020-жылы тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 21%га кыскарды. Бул тууралуу  экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 3083,7 млн долларды түздү. Көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21%га кыскарган.

«Экспорт 1,7%га көбөйдү, импорт 30%га жакын төмөндөдү. Көптөгөн өлкөлөр чек арасын жапкандыктан жана ар кандай транспорттук каттамдардын кыскаруусунан импорттун көлөмү кескин төмөндөп кетти», — дейт ал.

Алыбаев кошумчалагандай, малды экспорттоо 3,4%га, кагаз жана кагаздан жасалган продукцияларды экспорттоо 2,8%га, сүт жана жашылча жемиштерди экспорттоо 11%га жана 6,2%га өсүш катталды.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 28, 2020 11:14

Приемная кампания 2020

Элдик медицина