2020-жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 8″ долбоору 3 млрд 765 млн. сомго каржыланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 12:35

2020-жылы «Айыл чарбасын каржылоо – 8″ долбоору 3 млрд 765 млн. сомго каржыланды

Жыл башынан бери «Айыл чарбасын каржылоо – 8″ долбоору боюнча 3 млрд 765 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

9 Каржы министрлигинин Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, 3-июлга карата «Айыл чарбасын каржылоо – 8″ долбоорунун алкагында коммерциялык банктар аркылуу элеттик товар өндүрүүчүлөргө 3 млрд 765 млн сомго 7 миң 459 жеңилдетилген насыя берилген.

Анын ичинен:

— өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 388,3 млн сомго 1 173 насыя,

— мал чарбачылыгына – 2 435,8 млн сомго 6 124 насыя,

— кластерге – 185,2 млн сомго 81 насыя,

— кайра иштетүү тармагына – 391,9 млн сомго 70 насыя,

— ун өндүрүүгө – 363,8 млн. сомго 11 насыя берилди.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 20, 2020 12:35

Приемная кампания 2020

Элдик медицина