2019-жыл жаңы 5 кодекс жана аларды коштоочу мыйзамдар күчүнө кирди

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:38

2019-жыл жаңы  5 кодекс жана аларды коштоочу мыйзамдар күчүнө кирди

12 Кыргызстанда 1-январдан тартып беш кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Алардын бири Жоруктар тууралуу кодекс жаңы мыйзамдардын катарын толуктады.

Парламент тарабынан 2017-жылы кабыл алынган Жоруктар жөнүндө кодексинде «жорукка» төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилген. «Жорук субъектиси инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирген же зыян келтирүү коркунучун жараткан, ушул Кодексте жаза чарасы каралган күнөөлүү, укукка каршы жосун (аракет же аракетсиздик) жорук деп таанылат». Ал эми жорук субъектиси болуп укук бузууну жасаганга чейин 16 жашка чыккан, акыл-эси соо адам саналат.

Жоруктар жөнүндөгү кодексте чоң коркунуч келтирбеген жосундар жана кээ бир административдик укук бузуулар үчүн жоопкерчилик каралат. Мисалы, үй-бүлөлүк зомбулук, майда уурулук, ден соолукка жеңил жаракат келтирүү, айлык акы төлөөдөн баш тартуу, башка бирөөнүн ордуна добуш берүү. Мына ушундай аракеттер үчүн кыргызстандыктар жазага тартыла баштайт.

Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндө башкармалыктын жетекчиси, полковник Бегалы Пирмановдун айтымында, ушул убакка чейин “кылмыш” деген гана түшүнүк болсо, эми “жоруктар” деген институт пайда болууда. Буга чейин кичине-чоңуна карабай баарын кылмыш деп эсептелип келген. Эми укук коргоо органдарында жоруктарга байланышкан иштерди өзүнчө караган тергөө кызматтары болот.

-Ички иштер министрлигинде жоруктар боюнча иш алып барган атайын башкармалык түзүлдү. Биздин облустук, райондук ички иштер органдарыбызда да жоруктар боюнча сотко чейин иш алып барган тергөөчүлөр болот. Жорук менен кылмыштын айырмасы келтирилген зыянында ажыратууга болот. Мурдагыдай коомго анчалык зыян келтирбеген же болбосо орчундуу зыян келтирбеген жорук болуп эсептелет.

Мыйзамды иштеп чыккандар жорук-жосун үчүн адамды эркинен ажыратуу туура эмес деп эсептешет. Мисалы, өспүрүмдөр баасы 5 миң сомдук буюмду уурдап алса, 3-4 жылга эркинен ажыратылчу. Эми мындай жорук үчүн айып пул же коомдук иш менен жазалоо каралган.

Айыпталуучу менен жабыркаган жаран мурдагыдай эле адвокаттын кызматын пайдалана алат. Соттун отуруму алдында окуяны иликтөөгө 20 күн берилип, бул мезгилде эки тарап тең күнөөсүз экенин далилдөөгө аракет жасайт.

Эксперттердин айтымында, жаңы киргизилген мыйзам, кодекстер кылмыштын ар кандай түрлөрүнө карата жазаны гумандаштырууга багытталганын айтып келишет. Маселен Жоруктар жөнүндө кодекс Кылмыш жаза кодексинен өзүнчө бөлүнүп алынды. Ага ылайык, эгер адам анча оор эмес кылмыш жасаса, маселен тоок уурдаса ага эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылбайт.

Соттор мындай жоруктарга айып пул салып же коомдук иштерге тартышы керек болот. Декабрь айында өткөн соттук реформа боюнча кеңештин жыйынында өлкө башчысы жаңы кодекстер адамды оңдоп, түзөөгө жана кайра тарбиялоого багытталганын белгиледи.

Мындай ыкма дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө көп колдонулат. Мисалы батыш мамлекеттеринде жаран айып пул төлөөгө макул болсо, анда ага анча оор эмес кылмыш үчүн эркинен ажыратуу жазасы чектелбейт жана соттолуучу болбойт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 9, 2019 15:38

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина