2019-жыл доңуз жыл достукту сүйөт

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:30

2019-жыл доңуз жыл достукту сүйөт

8 Адистердин айтымына караганда, 2019-жыл жеке бизнесин өнүктүрөм  жана кызматтан жогорулайм деген адамдар үчүн жемиштүү учур. Үй-бүлө кургандардын саны өсүп, бул калктын санынын өсүшүнө оң таасирин тийгизет. Муну менен катар, саякат жасап, эс алууга көп мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Доңуз жылы достошууну, ынтымакка келүүнү, тынчтыкты сүйөт.

Ит кыялды ит жылына эле таштайлы…

Андыктан, чыртылдаган мүнөздөрдү жыйыштырып, адамдык касиетти сактап калууга аракеттенишибиз керек экен. “Айдай чырайыңды, иттей кыялың бузат” деп бекер айтылбаса керек.Андыктан, Чыңгыз Айтматовдун “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген накыл кебин эсибизден чыгарбайлы!

Санаа чеге бербей, сарамжалдуу болуңуз!

Каржыңызды эсептеп, сарамжалдуу жумшаңыз. Кымбат буюмдарды сатып алууну, сарпталуучу чыгашаны келээрки жылга калтырганыңыз оң.  2019-жылы ден-соолугуңүздү чыңдоого өзгөчө көңүл буруңуз. Өткөн жылдын камкорчусу Ит сыяктуу Доңуз да салмактуу, демек, бул жыл да тынч, бир калыпта өтөт дегенге негиз бар.

Ата-энеңиздин алкышын алып коюңуз!

Доңуз жылы сары түстөргө артыкчылык берүү керек. Алдыдагы жылды жакын тууган туушкан, өзүңүз ишеним арткан санаалаштарыңыз, замандаштарың менен тосконуңуз оң. Эң башкысы, ата-энеңиздерге көңүл бөлүп, баалуу белек бечкегиңизди тапшырып, алкышын алып койсоңуз, жылыңыз ийгиликтүү болуп, ишиңиз да жүрүшөт.

Арзандын тузу татыбайт

Үйүңүздү сары, кызгылт өңдөр менен жасалгаласаңыз түзүк. Ал эми жаңы жылдык досторконуңүзда чочконун эти болбоого тийиш. Андан көрө тоок жана уйдун этин койсоңуз, ийгиликти чакырасыз. Белек алууда сараңдануунун эч кандай кажети жок. Арзан буюм тайымдарды сатып алуудан алыс болуңуз. Көп жыл урунгудай  буюм алсаңыз, ал белегиңизди алган адам да сиздин сыйыңызды эч качан унутпайт.

Ийгиликти жетүү үчүн издениңиз!

Асманды тиктеп жата бербей, ийгиликке жетүү үчүн ириде өзүңүз да издениңиз. Доңуз жылы жаңы кадамдарды жасоого жол ачаарына ишениңиз! Андыктан, аракет кылсаңыз, берекети сөзсүз болот. Келе жаткан жыл кумурскадай эмгекчил, чынчыл адамдар үчүн өтө жемиштүү.

Алтынбек Камчыбек

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 23, 2018 13:30

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина