2018-жылы абитуриенттерди кайсы кесипте бюджет орундары күтүп турат?

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 9, 2018 00:56

2018-жылы абитуриенттерди кайсы кесипте бюджет орундары күтүп турат?

8Быйылкы окуу жылына карата мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде Жогорку окуу жайларда окутулуучу адистиктердин тизмеси бекитилди. Жылдагыдай эле быйыл да 5 миңден ашуун бюджеттик орун каралган. Ал орундар өлкөдөгү кадр муктаждыгы эске алынып, бөлүнгөн.

Абитуриенттерди кабыл алуу кабыл алуу 9-июлда башталат. Жалпы 5705 мамлекеттик билим берүү гранты каралган болсо, анын ичинен 4903 орун Билим берүү жана илим министрлигине караштуу жогорку окуу жайларга бөлүштүрүлгөн.

Учурда окуу жайлар абитуриенттерди кабыл алууга камынууда. Алардын катарында өлкөдөгү окуу жайлардын флагманы болгон Кыргыз улуттук университети дагы бар. Бул билим уясынын өзгөчөлүгү — дээрлик бардык адистикте окутууга чамасы жетет жана бир катар жаңылануу киргизилген.

Абитуриенттерди кабыл алуу 9-июлда башталат. Келечек ээлери барын таразалап туруп, жети өлчөп бир кесүүсү зарыл. Анткени керектүү жана сүйүктүү кесип турмуштун даңгыр жолун түптөйт.

Бюджеттик орундардын теңине жакыны билим берүү тармагынын үлүшүнө дал келет. Андан кийинки катарда айыл чарба, компьютердик технологиялар, өндүрүш, саламаттык сактоо тармагы турат. Ошентип отуруп бардык багыт боюнча акысыз окутуу бөлүштүрүлгөн.

Азыр мурункудай экономист, юридикалык же ушул сымал адистиктерге суроо-талап төмөндөгөн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайсы кесиптерге муктаждык жогору экенин талдап чыккан.

Азыркы күндө суроо-талап жогору болгон адистиктердин сап башында айыл чарба тармагы, андан соң тоо-кен өнөр жайы, тамак-аш жана өндүрүш, ошондой эле, мунайды кайра иштетүү, кийинки орунда билим берүү, саламаттык сактоо багыты, андан соң курулуш жана байланыш тармагы келе жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 9, 2018 00:56

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина