2016 –жылдын 12 ай ичинде, катталган өрт кырсыктары

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 15, 2017 13:38

2016 –жылдын 12 ай ичинде,  катталган өрт кырсыктары

282308.1.1456371274 15 февраль, Бишкек. Чүй облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын

2016 –жылдын 12 ай ичинде,  катталган өрт кырсыктары   тууралу маалымат.

 

2016 жылдын 12 айлык ишинде  Чүй облустук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын негизги иш алып баруусу өнөр жай ишканаларында, турак жай секторунда өрт кырсыктарын өчүрүүдө  жана райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүктөрүндө материалдык- техникалык базасын жакшыртуу,  өздүк курам ичинде, өздүк курамдын ишмердүүлүк деңгээлин,  моралдык-психалык аң-сезимин көтөрүү  жана алардын иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүү иштери жүргүзүлдү.

2016 жылдын 12 ай ичинде   Чүй облусунун аймагында 1040 өрт кырсыгы катталып андан келтирилген социалдык экономикалык чыгым  52 млн.604 миң 412 сомду түздү. ( 2015ж -1123 өрт, СЭЧ-35млн.939 миң 671сом.).

Өрт өчүрүүдө Чүй облустук ӨКМКБнын өздүк курамы менен 48 адамдын өмүрү  (2015жылы. — 7) жана 99 млн. 214 миң сомго товардык материалдык баалулуктар, (2015жылы. – 71 млн. 303 миң сом), 10- автотранспорттук жана башка техникалар  (2015жылы. — 18).

 

 

к/м

Райондук ӨКМКБнүн аталышы Өрт кырсыктарынын саны % Адам өлүмү Өрт

кырсыктарынын

алып келген

чыгымы

2015 2016 2015 2016 2015 2016
1 Кемин району 111 94 -15.3 1 0 1545647 665791
2 Токмок ш Чүй р-ну 194 156 -19.6 0 3 4441565 3865638
3 Ысык-Ата р-ну 156 173 10.9 5 8 3400278 2514160
4 Аламүдүн  р-ну 177 187 5.6 4 10 9618316 34971050
5 Сокулук р-ну 193 151 -21.8 3 8 3447725 2784338
6 Москва р-ну 88 102 15.9 3 1 6255733 3646496
7  Кара-Балта ш. ж/а  Жайыл р-ну 147 131 -10.9 2 6 6505421 2977188
8 Панфилов р-ну 57 46 -19.3 1 0 724986 1179751
  9 Бардыгы: 1123 1040 -7.4 19 36 35939671 52604412

 

2016 жылдын 12 айына  салыштырмалуу   Чүй облустук райондук ӨКМКБдө өрт кырсыктарынын саны көбөйдү, алсак;

— Москва району——— 15.9%;

— Ысык-Ата  району —- 10.9 %;

— Аламүдүн  району ——5.6%

Ал эми төмөнкү райондордо өрт кырсыктары кыйла азайды;

—  Сокулук району —-                                       -21.8%;

— Токмок ш. ж-а Чүй району—                         -19.6%;

— Панфилов району —-                                     -19.3%;

— Кемин  району   ——                                       -15.3%;

— Жайыл  район   ——                                        -10.9%;

 

— Келтирилген материалдык чыгым 16 млн.664 миң 741 сомго көбөйгөн.

Өрт кырсыгынын кесепетинен - 36 адам жана анын ичинен 1 –наристе каза болушту. ( 2015ж — 19 адам,анын ичинен-1 наристе):

 

Аламүдүн району 10 адам
  Сокулук  району 8 адам
 Ысык-Ата району 8 адам
Жайыл    району 6 адам
Токмок шаары жана Чүй  району 3 адам
Москва    району 1 адам

— 34 адам турак үйлөрдөн чыккан өрт кырсыгынан  каза болушуп, анын ичинен 23 адам спирт ичимдигинин кесепетинен каза болушкан.

Адам өлүмдөрү:

— тамеки чегүүдөн кеткен кайдигерликтен —  23 адам;

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу  —     1 адам;

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 7 адам;

— башка себептер менен  — 4 адам;

 — жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшүнөн -- 1 адам;

Өрт кырсыктарынын көпчүлүк бөлүгү:

  • Турак жайларда — 574 өрт кырсыгы катталган  (55.3 %);
  • Автоунаа жолдон  32  өрт кырсыгы катталган  (3.1%);
  • Гараждарда 50 өрт кырсыгы катталган   (5.0%);
  • Айыл чарба объектилеринде -103 өрт кырсыгы катталган   (9.9%);
  • Башка себептер 281 өрт кырсыгы катталган (27.4%);

Негизги өрт кырсыктарынын келип чыгуусу:

— Чарбалык электр аспаптарын иштетүүдө өрт коопсуздугун  сакталыш эрежелерин бузулганынан -267 өрт кырсыгы социалдык- экономикалык чыгым 20242425 сом

— Отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -232 өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым  22231054 сом;

— Тамеки чегүүдөн кеткен кайдигерлик  -269  өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым 2629416  сом;

— От жагылуучу мештен, мештин түтүн өтүүчү жеринен кеткен -67 өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым 2020198 сом;

— Балдардын от менен ойноосуунан -48   өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым 1094125 сом;

— Өрттөп кетүү -11 өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым  492204 сом;

— Такталбаган себептер  — 20  өрт кырсыгы социалдык-экономикалык чыгым 613128 сом:

         2016 жылдын 12 ай  ичинде  Чүй облустук ӨКМКБнын бөлүмдөрүндө өрт кырсыгына байланышпаган өзгөчө кырдаалдарга ылайык 269 чыгуу катталды,  анын ичинен:

— адамдардын өмүрүн сактап калуу баардыгы                              — 14

— адамдардын жансыз денелерин алып чыгуу баардыгы              -47

Анын ичинен: -суудан                                                                      -23

-жол кырсыгынан (ДТП)                                         -22

— ар кандай кырдаалдардан                                     — 2

Өзгөчө кырдаалга чыгуулар баардыгы: анын ичинен -269

— жарылуучу мүлктөргө күмөн саноолор                                           -2

— жол транспорттык   кырсыгына                                                      -113

-ар кандай кырдаалдарда                                                                   -149

Өздүк курамдын  күчү  менен,  июль айынан тарта жалпы аянты 800 чарчы квадрат метрден ашык жаңы эки кабаттуу Ысык-Ата районунун ӨКМКБнүн № 27 АӨККБнүн имаратын курууда бүгүнкү күндө фундаменти, дубалы жана чатыры көтөрүлүп, терезе блоктору орнотулуп, ички дубалы шыбалып, электромонтаж, жылуулук системасы, суу түтүктөрү өткөрүлдү. Азыркы тапта полдорду стяжкалоо жумуштары жүргүзүлүүдө. Проектик смета 14 миллион сомду түзсө, бүгүнкү күндө 5 миллион сом бөлүнгөн. Куруу иштерин бүтүрүүгө  болжол менен 7 миллион сом сарпталат.

 

 

Чүй облустук ӨКМКБнын ӨААБнүн

улук инспектору

улук лейтенант                  М. Сатаров

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 15, 2017 13:38

Парламент

Элдик медицина