17-сентябрга чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:31

17-сентябрга чейинки  аба ырайы тууралуу маалымат

12 Кыргызгидромет борбору 13-сентябрдан 17-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

13-сентябрда күндүз жана14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

14-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

17-сентябрда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

13-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-сентябрда күндүз жана 14-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

15-сентябрда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.

15-сентябрда күндүз жана 16-17-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:31

Приемная кампания 2020

Элдик медицина