17-мартка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:46

17-мартка чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

15 Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, өлкө аймагында 13-марттан 17-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 18-19-март күндөрү жаан жаабайт. Абанын температурасы бир аз өзгөрүлүп турат.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында 13нөн 15-мартка чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ош шаарында да жакынкы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 15, 2019 12:46

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина