12-февралдан тарта 7 жол эрежесин бузуунун 7 түрү

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 12:08

12-февралдан тарта 7 жол эрежесин бузуунун 7 түрү

21 2019-жылдын 12-февралынан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуулар жазылып баштайт.

Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматы боюнча  орнотулган жабдыктар жети эреже бузууну каттайт.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) баш ийбей өтүп кеткендерди

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгууну

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүргөндөрдү

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузган айдоочуларды

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 12:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина